04:09, 23-апрель, 2026

Депутат көк бөрү оюнунун деңгээлин эл аралык стандартка жеткирүү маселесин көтөрдү

На русском
17:59, 22-апрель, 2026 456

АКИpress - Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда депутат Улукбек Карыбек уулу көк бөрү оюнунун эрежелерин тартипке келтирүүнү сунуштады.

«Чындыкка тике карайлы, бүгүн ушул күч түзүмдөрүнө, жалпы мамлекеттин коопсуздугуна, анча-мынча көйгөй жараткан бул спортту жөнгө салышыбыз керек. Оюнчуларга, аттарга, андан сырткары ошол жердеги көрүүчүлөргө эл аралык спорт стандарттарына шайкеш келген нормалар иштелип чыгыш керек.

«Көк бөрү федерациясына жеке жоопкерчиликти беришибиз керек», - деген депутат профилдик комитетке протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Ал учурда коомчулукта бул оюн мындан ары өтөбү же өтпөйбү деген суроолор болуп жатканын кошумчалады.

«Жакында көчмөндөр оюну башталат. Мына бул оюнду жапайчылыкка эмес, заман талабына ылайык, маданияттуу, жогорку деңгээлде бир эл аралык стандарттарга шайкеш келген, дүйнө эли суктана турган деңгээлге алып чыгуу учуру десек болот», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»