АКИpress - Жогорку Кеңештин бир катар комитеттеринде өзгөрүүлөр болду. Добуш берүү 22-апрелде парламенттин жыйынында өттү.
Депутаттык фракциялар комитеттердеги өздөрүнүн өкүлдөрүн алмаштырды:
«Ала-Тоо»
Мирлан Жээнчороев Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Регламент боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин төрага орун басары болуп шайланды;
Азамат Исираилов Айыл чарба саясаты, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин төрага орун басары болуп шайланды (Укук тартиби боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин курамынан чыгарылды).
«Ынтымак Мекенчил»
Айбек Алтынбеков - Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетке жөнөтүлөт (Өнөр жай саясаты боюнча Жогорку Кеңештин комитетинен чыгарылды);
Талант Мамытов - Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетке жөнөтүлөт (Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Регламент боюнча Жогорку Кеңештин комитетинен чыгарылды);
Улан Сариев - Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Регламент боюнча комитетке жөнөтүлөт
«Ишеним»
Бактыбек Чойбеков - Өнөр жай саясаты боюнча Жогорку Кеңештин комитетине жөнөтүлөт.