АКИpress - Киши өлтүрүүгө шектелгендер кармалды, деп билдирди 22-апрелде Бишкек милициясы.
20-апрель күнү болжол менен саат 19:30да Аламүдүн районунун Арчалы айылындагы токойдо чет элдик жаран Ж.Ч.нын сөөгү табылган. Анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери болгон.
Бул факт киши өлтүрүү боюнча каттоого алынып, Р.Ж., Ф.Ж., О.Ч. жана А.Т. аттуу жарандар кармалды. Алар соттун чечими менен "СИЗО-1ге" камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.