АКИpress - Жогорку Кеңеш 22-апрелде Конституциялык соттун судьялыгына талапкер Кыдыралиева Бакыт Амантуровнанын талапкерлигин карады.
Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган жана депутаттар тарабынан эч кандай суроосуз колдоого алынды.
Сол жактагы — Бакыт Кыдыралиева
Кыдыралиева Бакыт Амантуровна 1976-жылдын 6-сентябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында төрөлгөн.
1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2000-жылдын апрелинен 2001-жылдын августуна чейин — Бишкектин Свердлов районунун адвокаттар коллегиясында адвокат,
2004-жылдын ноябрынан 2008-жылдын сентябрына чейин — Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин бөлүмүнүн улук консультанты,
2008-жылдын августунан 2019-жылдын мартына чейин — Бириккен Улуттар Уюмунун долбоорунда укуктук жана конституциялык маселелер боюнча эксперт,
2016-жылдан 2022-жылга чейин — Чүй облустук адвокаттар коллегиясынын адвокаты,
2022-жылдан 2025-жылга чейин — Президенттин алдындагы Сот адилеттиги кеңешинин мүчөсү.