13:53, 23-апрель, 2026

Элмира Барыктабасова Жогорку соттун судьясы болуп шайланды

На русском
16:56, 22-апрель, 2026 733

АКИpress - 22-апрелде Жогорку Кеңеш Барыктабасова Элмира Бектургановнаны Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоого макулдугун берди.

Анын талапкерлиги президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган. 

Депутаттар суроо-жооптон баш тартып, Барыктабасованын талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Элмира Барыктабасова 1970-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында туулган.

Учурда Бишкек шаардык сотунун судьясы. Буга Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы болгон.

2017-2018-жылдары – Судьяларды тандоо кеңешинин башчысынын орун басары, Судьяларды тандоо кеңешинин башчысы.

2023-2024-жылдары – Сот адилеттиги боюнча кеңештин төрагасынын орун басары.

2024-2025-жылдары – Сот адилеттиги боюнча кеңештин төрайымы.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»