АКИpress - 22-апрелде Жогорку Кеңеш Барыктабасова Элмира Бектургановнаны Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоого макулдугун берди.
Анын талапкерлиги президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган.
Депутаттар суроо-жооптон баш тартып, Барыктабасованын талапкерлигин бир добуштан колдошту.
Элмира Барыктабасова 1970-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында туулган.
Учурда Бишкек шаардык сотунун судьясы. Буга Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы болгон.
2017-2018-жылдары – Судьяларды тандоо кеңешинин башчысынын орун басары, Судьяларды тандоо кеңешинин башчысы.
2023-2024-жылдары – Сот адилеттиги боюнча кеңештин төрагасынын орун басары.
2024-2025-жылдары – Сот адилеттиги боюнча кеңештин төрайымы.