АКИpress - Кыргызстандын кулуну Дмитрий Бивол (24-1, 12 нокаут) IBF версиясы боюнча чемпиондук титулун коргойт.
Ал 30-майда «RCC Boxing Promotions» уюштурган бокс кечесинде беттешет.
Биволдун атаандашы IBF куруна талапкер, германиялык Михаэл Эйферт (13-1, 5 нокаут) болот.
Бивол 2025-жылдын февралында Артур Бетербиевди утуп алгандан кийин чемпиондук наамын экинчи жолу коргойт. Өткөн жылдын жаз айларында Дүйнөлүк бокс кеңеши (WBC) Биволду америкалык Дэвид Бенавидес менен беттешүүдөн баш тартканы үчүн титулдан ажыраткан, ал эми Бенавидес жаңы дүйнө чемпиону болгон.
WBO, WBA жана IBF уюмдары Биволду дүйнө чемпиону наамынан ажыратууну пландабаганын билдиришкен. Бирок уюмдар чемпиондук курду коргоонун маанилүүлүгүн белгилешкен.