04:34, 23-апрель, 2026

БШКнын мүчөлөрүнүн саны кыскарат. Жогорку Кеңеш тиешелүү ченемди кабыл алды

На русском
15:52, 22-апрель, 2026 677

АКИpress - Жогорку Кеңеш 22-апрелде «Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Муну менен комиссиянын мүчөлөрүнүн санын 12ден 8ге чейин азайтуу сунушталган.

Парламенттеги 5 депутаттык топтун бардык лидерлери демилгечи болду: Талант Мамытов, Дастан Жумабеков, Талайбек Масабиров, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев жана төрага Марлен Маматалиев.

Демилгечилер шайлоо өнөктүктөрү учурунда убакыттын өтө маанилүү экендигин, ал эми жамааттык органдын курамынын кыскарышы талаш-тартыштарга, талапкерлерди каттоо маселелерине жана башка процедураларга тезирээк жооп берүүгө мүмкүндүк берерин белгилешет.

Комиссияны түзүү принцибин өзгөртүү сунушталууда. Азыркы тең салмактуулук механизминин ордуна конкреттүү квота киргизилет:

  • БШКнын 4 мүчөсү президенттин сунушу менен дайындалат;
  • 4 мүчө Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат.

Мыйзам долбоорунда комиссиянын курамында бир жыныстагы өкүлдөрдүн 70%дан ашык болбошу керектиги тууралуу ченем сакталат.

БШКнын учурдагы курамы:

    • Тынчтык Шайназаров — төрага

    • Айдана Жупуева — төраганын орун басары

    • Акбалык Жумалиева — төраганын орун басары

    • Сүйүнбек Касмамбетов

    • Абыдажапар Бекматов

    • Кабылбек Мамбеталиев

    • Бахадыр Коңуров

    • Нурлан Койчукеев

    • Узарбек Жылкыбаев

    • Алтынбек Кубатбеков.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»