АКИpress - 21-апрелде «Ак-Жол — автожол» өткөрүү пунктунда кыргыз-казак чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
«Казакстан Республикасынын 1968-жылы туулган К.Г.А. аттуу жараны "Audi" маркасындагы унаасы менен Казакстандан келе жатып, тийиштүү документтери жок эл керектөөчү товарларды алып кирүүгө аракет кылган», - деп жазылган маалыматта.
Көзөмөл учурунда чек арачылар чек ара жана бажы мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен ташылып жаткан 110 даана «Samsung» маркасындагы уюлдук телефон табышкан. Алдын ала баалоо боюнча, табылган товардын баасы болжол менен 5 млн сомду түзөт.
Тийиштүү материалдар толтурулгандан кийин унаа, айдоочу жана жүк андан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.