04:27, 23-апрель, 2026

Улуу Ата Мекендик согуштун 102 жаштагы ардагери Василий Пухарев дүйнө салды

На русском
15:48, 22-апрель, 2026 345

АКИpress - 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Пухарев Василий Дмитриевич 21-апрелде Бишкек шаарында 103 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал 1924-жылы 1-январда Кемерово облусунун Кузедеев районундагы Силен айылында туулган.

1942-жылы аскерге чакырылып, аткычтар полкунун курсанты катары окуган, андан кийин пулемёт дивизиясында кызмат өтөгөн. 1943-жылы зениттик-артиллериялык полкко которулган.

Манчжуриядагы салгылашууларга катышып, Япония менен болгон согуш учурунда унаа башкарган.

Армиядан кийин 1950-жылга чейин токой чарбасында токойчу болуп иштеген, ал эми 1950-жылдан баштап геология тармагында бургулоо боюнча уста болуп эмгектенген.

1960-жылы Алтай крайына, Усть-Каменогорск облусуна, Титаномагний заводуна которулуп, ал жерде электр монтер болуп иштеген. 1984-жылдан 1990-жылга чейин Ленин атындагы заводдо эмгектенген.

Төмөнкү сыйлыктар менен сыйланган:

— «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 60 жылдыгы» юбилейлик медалы;

— «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгы» медалы;

— «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы» медалы;

— «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы» медалы;

— Россия Федерациясынын «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы» юбилейлик медалы.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»