04:11, 23-апрель, 2026

Ак-Ордо-3 конушундагы үйлөрдү буздуруу иши токтотулду

На русском
14:24, 22-апрель, 2026 519

АКИpress - Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы Достук-498 жана Ырыскы-498 көчөлөрүндөгү 4 үйдү бузуу иштери убактылуу токтотулду.

21-апрелде Достук-498 көчөсү, №52 даректеги үйгө сот аткаруучулар, атайын техника, милиция кызматкерлери жана тез жардам бригадасы бузуу иштерин жүргүзүү үчүн келишкен.

Өз кезегинде, үйлөрдүн ээлери тилкелерди, анын ичинде жерди мунапыс боюнча мыйзамдуу түрдө сатып алгандыгын билдиришкен. 

Ошол эле күнү кечинде жашоочулар боз үй тигип, бузуу иштерин токтотуу максатында жолду тосуп алышкан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»