04:11, 23-апрель, 2026

Кыргыз футбол биримдигинин жаңы президенти качан шайланары айтылды

На русском
13:47, 22-апрель, 2026 368

АКИpress - Кыргыз футбол биримдигинин жаңы президенти 12-майда шайланат. Мындай чечим 22-апрелде союздун аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Биримдиктин мурдагы президенти Камчыбек Ташиев болгон. Ал 2024-жылдын февраль айында шайланып, ушул жылдын апрель айында кызматын тапшырды.

15-апрелде уюмдун кезектеги конгресси өттү, бирок талапкерлердин жоктугунан жаңы президентти шайлоо маселеси күн тартибинен алынган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»