АКИpress - Дүйнөдө сейрек кездешүүчү элементтерге болгон суроо-талаптын өсүшүнөн улам Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп жатат, бирок аймактын сырье экспортерунун ролун бекемдөө тобокелчиликтери бар. Бул тууралуу 21-апрелде Бишкекте өткөн тегерек столдо экономика боюнча эксперт Алмаз Насыров билдирди.
Анын айтымында, технологиялык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн Борбор Азияга болгон кызыгуусу технологиялык өнөр жайын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон сейрек кездешүүчү элементтер менен металлдарга болгон муктаждыктан улам келип чыгууда. Ошол эле учурда, эксперт белгилегендей, аймак үчүн сырье казып алуу менен чектелбестен, кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана кошумча нарк түзүү маанилүү.
Ал Казакстан мындай элементтерди кайра иштетүүдө күчтүү позицияны ээлеп жатканын, Өзбекстан бул багытта инвестицияларды көбөйтүп жатканын, ал эми Кыргызстан да аталган элементтердин коруна ээ экендигин эске салды. Бирок анын айтымында, бул өлкөлөрдүн аталган ресурстарды натыйжалуу өздөштүрүүгө болгон даярдыгы негизги маселе бойдон калууда.
Насыров сырье модели суверенитетке жана экономикалык коопсуздукка тобокелчилик алып келерин баса белгиледи. Анын пикири боюнча, тармакты толук кандуу өнүктүрүү үчүн казып алуу жана кайра иштетүү инфраструктурасы, каржылык инструменттер, банк жана биржа системалары, ошондой эле эл аралык институттар менен өз ара аракеттенүү механизмдери талап кылынат.
Эксперт ошондой эле, индустриалдык жактан өнүккөн өлкөлөр, адатта биринчи кезекте арзан сырьего жетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Мындай шартта Борбор Азия өлкөлөрү өзүнүн экономикалык, технологиялык жана геосаясий потенциалын комплекстүү баалоого муктаж.
Ошондой эле анын айтымында, аймакта жаңы колониялык сценарийдин тобокелчилиги бар.