АКИpress - Бүгүн, 22-апрелде президент Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан Аймактык экологиялык саммитке барды.
Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, «EXPO» эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин мамлекет жана өкмөт башчылары — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казахстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Моңголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Жашыл жана туруктуу технологиялардын эл аралык көргөзмөсү менен таанышты.
Көргөзмөдө ар бир өлкө өзүнүн улуттук павильонун сунуштады.
Кыргызстандын павильонунда күн панелдерин, жер семирткичтерди, электромобилдер үчүн кубаттоочу түзүлүштөрдү жана башка көптөгөн продукцияларды чыгарган ата мекендик компаниялардын товарлары коюлган.
Көргөзмөнү көрүп чыккан соң делегация башчылары саммиттин пленардык жыйынына катышууга өтүштү.
Саммит туруктуу өнүгүү боюнча жалпы көз карашты калыптандырууга жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экологиялык саясатын Бириккен улуттар уюму менен өнөктөштүктө координациялоого багытталган.
Саммиттин алкагында пленардык жыйындар, тематикалык эксперттик панелдер, ошондой эле жашыл технологиялардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт.