АКИpress - 22-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн.
Кар көчкү түшүшү мүмкүн болгон тилкелер:
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымы — Көк-Арт ашуусу;
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдары — Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.