04:11, 23-апрель, 2026

23-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

13:06, 22-апрель, 2026 747

АКИpress - Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 23-апрелде Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнү

түнкүсүн +10...+15

күндүз +18...+23

Талас өрөөнү

түнкүсүн +6...+11

күндүз +16...+21

Баткен облусу

түнкүсүн +11...+16

күндүз +19...+24

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +11...+16

күндүз +19...+24

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +4...+9

күндүз +16...+21

Нарын облусу

түнкүсүн +3...+8

күндүз +16...+21

Бийик тоолуу райондор

түнкүсүн -5...0

күндүз +4...+9

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15°, күндүз +18...+20° болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»