03:51, 23-апрель, 2026

Максым материалдык эмес маданий мурас. ЮНЕСКО Кыргызстанга расмий сертификатты берди

12:31, 22-апрель, 2026 286

АКИpress - 20–21-апрелде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча адистештирилген мекемесинин (ЮНЕСКО)  Париждеги штаб-квартирасына барганын министрлик маалымдады.

Иш сапардын алкагында ал Халед аль-Анани менен жолугуп, максым салттуу кыргыз суусундугун даярдоо боюнча билимди адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизүү тууралуу сертификатты расмий кабыл алды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Министр VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен болгон жолугушууларда «Сулайман-Тоо» жана «Батыш Тянь-Шань» сыяктуу дүйнөлүк мурас объекттерине байланыштуу маселелер каралды.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»