АКИpress - Бүгүн, 22-апрелде Бразилияда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө кубогунда 1/8 финалдык беттештер өтөт.
«World Boxing» боюнча Дүйнө кубогунун биринчи этабы 20-апрелде Фош-ду-Игуасу шаарында башталган. Турнирдин үчүнчү күнүндө рингге Кыргызстандан үч спортчу чыгат.
Буга чейин Омар Ливаза алгачкы беттешинде Финляндиянын спортчусун жеңип, 1/8 финалга чыккан.
22-апрелге карата беттештер:
Саат 20:00дө
60 кг чейин ,1/8 финал
Артур Базеян (Армения) — Мунарбек Сейитбек уулу
70 кг чейин, 1/8 финал
Ихтияр Нишонов — Дамиан Дуркач (Польша)
Саат 02:00дө
50 кг чейин, 1/8 финал
Анвар Хожиев — Даити Аваи (Япония).