АКИpress - Ак-Ордо-3 жаңы конушунун Достук-498 жана Ырыскы-498 көчөлөрүнүн ортосундагы короодо боз үй тигилди. Тургундар үйлөрдүн кире беришин тосуп, бузуу иштерин токтотууга аракет кылышууда.
Буга чейин Сот аткаруучулар кызматы бул курулуштар мыйзамсыз экенин жана соттун чечими менен бузулушу керектигин билдирген. Үй ээлерине чечимди ыктыярдуу аткаруу сунушталган, бирок алар муну жасаган эмес.
21-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникасы, медицина кызматкерлери, милиция жерине барып, иштерди баштаган, бирок үйлөрдүн тургундары буга тоскоолдук кылышкан. Алар жер тилкелерин мыйзамдуу негизде сатып алганын билдиришкен.
22-апрелде «АКИpress» агенттигине Бишкектин тургуну Рустам Назаралиев билдиргендей, буга чейин бул жерде «Заря» колхозунун жерлери болгон, кийинчерээк 16 сотых жер тилке бул колхоздо иштеген чоң ата, чоң энесине өткөн. Назаралиевдин айтымында, бул жерлер үй-бүлөсүнө таандык, ал эми мыйзамдуу ээси анын апасы — Токжан Назаралиева.
«Чоң энем каза болгондон кийин, мураска бул жерлер менин агамдын колуна өткөн. Узак убакыт бою бул жерде эч нерсе болгон эмес, бирок биз жерди карап турчубуз, айрыкча айланада үйлөр курула баштаганда, өзүм билемдикке жол бербөө үчүн. Бир аз убакыттан кийин апам бир нерсе куруу керектигин айтып, биз бул жерге Достук-498 көчөсү №52 дареги боюнча кичинекей үй курдук. Бул жердин кызыл китеби бар», - деди ал.
Назаралиев 2023-жылы жер мунапысы жарыяланганын жана жаз-жай айларында бул тилкеде курулуш иштери башталганын кошумчалады.
«Биздин жерди бул жарандарга А.Д. аттуу адам саткан. Каршылык кылганыма карабай, алар курулушту улантышты. Сотко кайрылып, утуп алдык», - деди Назаралиев.