АКИpress - Кыргызстанда бир сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттөр:
Бишкек шаарында жана Талас облусунда — 3,
Ош, Нарын, Жалал-Абад жана Чүй облустарында — 1ден өрт катталган.
Ошондой эле сутка ичинде куткаруу кызматы тарабынан 3 жолу чыгуу болгон.