04:58, 23-апрель, 2026

Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө жаңы мыйзамга кол койду

На русском
11:24, 22-апрель, 2026 581

АКИpress - Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам менен төмөнкүлөр сунушталууда:

1) мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын 46 түрүнүн 22син калтыруу:

• төмөнкүлөрдү уюштуруу менен:

«Эрдик» ордени (даражалары жок) – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

«Ардак» медалы – экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

«Кыргыз Республикасынын жаратманы» ардак наамын;

«Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамын;

• төмөнкү ардак наамдарын сактоо менен:

«Кыргыз Республикасынын эл мугалими»;

«Кыргыз Республикасынын эл врачы»;

«Кыргыз Республикасынын эл артисти»;

«Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу»;

«Кыргыз Республикасынын эл акыны»;

«Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү»;

• төмөнкүлөрдү алуу менен:

«Ата Мекен Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы – өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

«Данакер» ордени – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

3 даражадагы «Эрдик» ордени – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

«Даңк» медалы – экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы – үчүнчү категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

«Эмгек сиңирген» экинчи категориядагы ардак наамдарын;

2) мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын укуктук статусун аныктоо;

3) мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга сунуштоонун тартибин аныктоо;

4) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоонун, ардак наамдарды ыйгаруунун жана мамлекеттик сый акыларды берүүнүн тартибин аныктоо;

5) мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдардын укуктарын жана милдеттерин бекитүү;

6) мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдарга социалдык кепилдиктерди Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгилөө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»