04:29, 23-апрель, 2026

Эки мамлекеттин ортосунда каралышы керек, - депутат «Манас» университетинин аймагынан өтө турган жол боюнча

На русском
10:45, 22-апрель, 2026 940

АКИpress - Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков Бишкек мэриясын Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Жал кичи районундагы Ч.Айтматов атындагы кампусу аркылуу жол салуу долбоорун ишке ашырардан мурда эл аралык келишимдерге көңүл бөлүүгө чакырды.

«Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ортосунан 2 тилкелүү жол чыгарабыз деп, Бишкек шаары өзүнүн аракетин жасап атат. Албетте, түшүнөбүз мэрияны — жол керек, тыгындардан чыгышыбыз керек.

Буга байланыштуу мыйзамдарга токтолуп кетким келет. Бишкек мэриясын да ушуга чакырат элем. Мыйзамдарга көңүл буруп, карап койсоңуздар. Бул университет эл аралык деңгээлде чечилген университет болуп эсептелет. Бул университеттин иштеши Жогорку Кеңештен мыйзам аркылуу бекитилип, Бишкек мэриясынын өзүнүн мамлекеттик актысынын негизинде жер тилке бөлүнгөн.

Акыркы келишим 2014-жылы мыйзам болуп каралып, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бардык келишимдерин карап, бекитип бергенбиз. Ошол 18 беренеден турган келишимде так, даана мындай деп жазылып турат:  "Эгерде ушул университеттин айланасында кандайдыр бир келишпестик болсо эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык жол менен каралат жана чечилет" деп. Ошондуктан мен Министрлер кабинетинин төрагасына кайрылат элем. Мындай келишимдерге көңүл буруп, сиздер да карап чыгып, анан Бишкек мэриясына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп койсоңор», - деди ал.

Депутат «кампус» деген сөзгө да түшүндүрмө берди.

«Бул келишимде биз кампус деп өзүбүз бекитип бергенбиз. Ал эми кампустун өзүнүн түшүнүгү боюнча — бул өзүнчө бир шаар, аймак болуп эсептелет. Ошол жерде окуган студенттер шаарчанын ичинде окуш керек, ал жерге жакшы шарттар түзүлүш керек. Бүгүн мына ишке ашып, иштеп турганда Бишкек мэриясы барып, андан жол чыгарабыз деп жатат. Биз эл аралык мыйзамдарга баш ийишибиз керек», - деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»