АКИpress - Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында №21 округдан бош мандат ыйгарылган депутат Мирлан Жээнчороев ант берди.
Ага мандатты БШК 16-апрелде ыйгарган. Бул округдагы депутаттык мандат ЖКнын депутаты Кубанычбек Конгантиев кызматтан кеткенден кийин бош калган. Добуштардын рейтинги боюнча мандат Чыңгыз Айдарбековго өтүшү керек болчу. Айдарбековго 1 ай күткөндөн кийин кылмыш иши козголуп, кийин ал мандаттан баш тартты.