АКИpress - Май айында Бишкек мэриясы Жогорку Кеңеште жол тыгыны маселеси боюнча отчет берет. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 22-апрелде жалпы жыйында маалымдады.
Депутат Дастан Бекешев 2025-жылы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы аймактарды каттатуу тууралуу токтом күчүн жоготконун эскертип, бирок мындан улам аталган жайларда чар-жайыт унаа токтотуу орун алып жатканын белгиледи.
Депутат мэрия бул маселеге көңүл бурушу керектигин кошумчалап, мэриянын өкүлү парламентке келишин талап кылды.