АКИpress - Бишкекте психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүрткөн каналга бөгөт коюлду, деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Кытайдан психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз алып кирип, аларды интернет-дүкөндөр аркылуу сатуу, ошондой эле синтетикалык баңгизаттарды жасоодо колдонуп жаткан белгисиз адам жөнүндө маалымат алышкан.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси (прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө Курманжан датка көчөсүндө 1990-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалды. Тинтүү учурунда андан прекурсор болуп эсептелген туз кислотасы жана метилпропиофенон (синтетикалык зат) табылып, алынды. Алар синтетикалык баңгизаттарды жасоодо колдонулат. Алынган заттардын жалпы салмагы 69,9 кг түздү.
Учурда аталган факт боюнча Свердлов РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан тергөө жүргүзүлүүдө.