14:09, 23-апрель, 2026

Видео — Бишкекте мас айдоочу милициядан качып кетүүгө аракет кылды

На русском
09:20, 22-апрель, 2026 264

АКИpress - Бишкек шаарында милиция кызматкерлери «Субару» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун кармашты.

Кайгуул кызматы билдиргендей, айдоочу унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Милиция кызматкерлери анын артынан кууп, натыйжада транспорт каражаты токтотулган. Бирок айдоочу жөө качууга аракет кылган.

«Текшерүү учурунда айдоочу бир эле учурда спирт ичимдигине жана баңгизатка мас болгону аныкталды», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Унаа айып короого токтотулду.

Айдоочуга тиешелүү протоколдор түзүлүп, алар айдоочулук укуктан ажыратуу маселесин кароо үчүн сотко жөнөтүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»