03:56, 23-апрель, 2026

Милиция Ак-Ордо-3 конушундагы видеого түшүндүрмө берди

На русском
09:06, 22-апрель, 2026 402

АКИpress - Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда тартылган жарандарды үйүнөн чыгарууга байланыштуу видео социалдык тармактарда тарап жатат.

Бишкек шаарынын Ленин районунун милициясынан билдиришкендей, мыйзамсыз курулган турак жайды бузуу тууралуу Ленин райондук сотунун күчүнө кирген чечиминин негизинде аткаруу өндүрүшү келип түшкөн.

Милиция сот чечимдерин, анын ичинде үйдөн чыгаруу жана объектилерди бузуу иштерин сот аткаруучулар өз ыйгарым укуктарынын чегинде гана ишке ашырарын белгиледи.

«Ички иштер органдарынын кызматкерлери үйдөн чыгаруу иштерине катышпайт жана бул маселе боюнча процессуалдык чечим кабыл алышпайт. Милиция аткаруу иш-чаралары учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн гана тартылды.

Бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлдү», - деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»