АКИpress - Борбор калаада 22-апрелде футбол боюнча Азиянын Чакырык лигасынын жарым финалы өтөт.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун талаасында Кыргызстандын «Мурас Юнайтед» клубу менен Кувейттин азыркы чемпиону «Аль-Кувейт» беттешет. Оюн саат 20:00дө башталат.
Бул беттештин жеңүүчүсү турнирдин финалына чыгат, ал жерде Камбожанын «Свайриенг» клубу менен беттеш болот.
19-апрелде Бишкекте турнирдин 1/4 финалынын оюндары өттү. «Мурас Юнайтед» Ливандын «Аль-Ансар» командасын ири эсепте утса, «Аль-Кувейт» Омандын «Аль-Шабаб» клубун 5:3 эсебинде жеңген.