00:38, 22-апрель, 2026

Садыр Жапаров Казакстанга барды

На русском
19:07, 21-апрель, 2026 688

АКИpress - Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде иш сапары менен Казакстан Республикасына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аны Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Регионалдык экологиялык саммитке (РЭС) катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинген, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров РЭСтин пленардык сессиясында сөз сүйлөйт, чет элдик делегациялардын башчылары менен жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле Жашыл жана туруктуу технологиялар эл аралык көргөзмөсүнүн павильонуна барат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»