АКИpress - Бишкек шаарынын мэриясы суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу (канализация) тарифтерин жогорулатууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңешке кароого киргизилди.
Суу менен камсыздоонун базалык тарифин – 1 куб метрге 15,73 сом, ал эми суу чыгаруунун тарифин – 1 куб метрге 6,8 сом деп бекитүү сунушталууда.
«Бул чыгымдарды жабат, бирок инвестициялык жана насыя милдеттенмелерин аткарууга, ошондой эле инфраструктураны модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ушуга байланыштуу коммерциялык керектөөчүлөр үчүн жогору коэффициенттер каралган: башка уюмдар үчүн – 2,1; сууну көп колдонуучу объекттер үчүн (мончо, сауна, унаа жуучу жайлар, мал союучу жайлар ж.б.) – 3,0. Турак жайдын ички тармактарын техникалык тейлөө чарчы метрине жылына 26,40 сомду түзөт.
Маалым кат-негиздемеде айтылгандай, шаардык кеңеш 2023-жылдын 30-майындагы 86 токтому менен калк үчүн суу менен камсыздоо кызматынын тарифин 1 куб метрине 10,45 сом өлчөмүндө бекиткен. Бул тариф 2022-жылга чейинки экономикалык шарттарды эске алуу менен түзүлгөн жана учурда ишкананын иш жүзүндөгү чыгымдарына дал келбейт.
«Бишкексууканал» ишканасы тарифтерди жогорулатуу зарылдыгын чыгымдардын өсүшү менен түшүндүрөт: электр энергиясына кеткен чыгым 2023-жылы 178 млн сом болсо, 2025-жылы 327 млн сомго чейин өскөн, 2026-жылы 434 млн сом болот деп болжолдонууда. Мындан тышкары ишкана Европа реконструкциялоо жана өнкүтүрүү банкынын насыясы (болжол менен 120 млн сом) жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору (болжол менен 300 млн сом) боюнча милдеттенмелерин аткарат.
Суу менен камсыздоо жана сууну чыгаруу (канализация) боюнча учурдагы тарифтер:
Керектөөчүлөрдүн аталышы |
Суу менен камсыздоо (1 куб метр үчүн) | Сууну чыгаруу (канализация) (1 куб метр үчүн) |
| Калк | 10,45 | 3,45 |
| Бюджеттик уюмдар | 12,95 | 4,50 |
| Башка керектөөчүлөр | 18,50 | 9,00 |
Көп кабаттуу турак үйлөрдүн ичиндеги жалпы пайдалануудагы тармактарды техникалык тейлөөгө колдонулуп жаткан тарифтер
Керектөөчүлөрдүн аталышы |
Тариф (1 чарчы метр үчүн) |
| Калк | 15,10 |
| Көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөр | 15,10 |