20:23, 21-апрель, 2026

Бишкекте «Кудайберген» базарынын айланасындагы мыйзамсыз объекттер алынууда

На русском
16:47, 21-апрель, 2026 318

АКИpress - Бишкек шаарынын Лумумба көчөсүндө жана «Кудайберген» базарынын аймагында мыйзамсыз объекттерди жана иретсиз жайгаштырылган сырткы жарнамаларды алуу боюнча рейддик иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалык билдирди.

Текшерүүнүн алкагында Лумумба жана Шаттык көчөлөрүнүн кесилишиндеги 6 күркө жана 17 жарнама конструкциясы демонтаждалды.

Мындан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү алкагында Киев көчөсүндөгү мыйзамсыз орнотулган жарнама такталарын алуу иштери да жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»