20:27, 21-апрель, 2026

Даниел Ажиевдин объекттерин балдары ыйласа кайтарып берип койдуңар, - депутат Маммүлккө

16:10, 21-апрель, 2026 3347

АКИpress - Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев мамлекеттин менчигине алынган объекттердин реестрин талап кылып, бул маселе боюнча депутаттык топ түзүүнү сунуштады.

Депутат Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик андан сатып алынган мүлккө кепилдик бере алабы деген суроо салды.

«Мисалы 2000-жылы ак ниет акционерлер Жалал-Абад облусунда бир завод сатып алышкан. Бирок эки-үч жыл мурда "Туура эмес сатып алган экенсиңер деп" алардын башы УКМКнын кеңсесинен чыкпай калды. Бирок алар да убагында Маммүлктөн акционер болуп сатып алышкан. Силерден мамлекеттик мүлктү сатып алган адамдардын укугун коргоп бере аласыздарбы?», - деди ал.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Динара Эркинбаева жооп берди.

«Менчиктештирүү документтеринен баштап кандай тартипте жүргүзүлгөн, кандай тартипте жүргүзүлүшү керектиги боюнча толук маалыматтарды беребиз. Маммүлктө корутунду берүү деген функциябыз каралган эмес. Бирок өзүбүздүн жасаган жумуш боюнча, укук коргоо органдарынын суроо-талабы боюнча же сатып алуучулардын талабы боюнча толук кандуу маалыматты беребиз жана берип келе жатабыз», - деди ал.

Депутат агенттикке карата бизнесмендер же башка сатып алуучулар тарабынан ишенич төмөн экенин белгиледи.

«Ошол сиздерден сатып алган мүлктү 20 жыл болобу, 10 жылдан кийин болобу "Мамлекеттен сатып алдым" деген кепилдик болуш керек. Бир эле мисал айта кетейин. "Баткен" базары мамлекетке кайтарылып, кайра эле мурунку коюжоюндун туугандарына сатылды. Моралдык дагы жоопкерчилик болбой эле, мамлекет алып туруп кайра үстүнө кошуп сатып коюп жатат. Ошон үчүн сиздерге болгон ишенич учурда төмөн. 

Токтогул 51 дарегиндеги УКМКнын мурдагы жери өтө арзан, "копейкага" сатылган. Сатып алган адамдар дагы 20 жыл, 30 жыл алдына план коюп, бизнес аткарыш керек.

Кримтөбөлдөн 2 млрд долларлык объект алгансыңар. Эмне болду? Мүлк фондуна өткөрүлдү. Мисалы, Даниел Ажиевдин 9 объектисин соттун чечими менен алдыңыздар. Балдары ыйлап чыкты эле, кайра кайтарып берип койдуңуздар. Кайсы мыйзамдын негизинде кайтарылды? Кайсы жерде жазылган ушул? Каалаганына берип, каалаганынан алып койбостон, сатканда да ачыктык болуш керек.

Жарандарыбыз ыйлап жатат. Мындайча айтканда, мамлекет кызыл китеп менен кепилдик берет. Ошого жаран насыя алып, бизнес кылып жатат. Бирок "Сеники туура эмес берилген экен" деп тартып алып жатат кайра. Муну токтотуш үчүн сиздер конкреттүү түрдө мыйзам менен келишиңиз керек. Корголуш керек. Азыр эч ким кызыл китепке ишенбей калды», - деди депутат.

Маммүлктүн өкүлү Токтогул, 51 дарегинде жайгашкан имарат жана курулуштар 7%дык комиссиялык жыйымды эске алуу менен 99 млн 510 миң сомго сатылганын кабарлады.

«Мүлктөр, жерлер боюнча — алар өз ыктыяры менен мамлекетке берилдиби же тартып алындыбы, ушулар боюнча депутаттарга комиссия түзүүнү сунуштайт элем. Мейли, 1993, 1995-жылдары "1 копейкага" алынган заводдор боюнча маселе жок. Бирок андан кийинки 2010-жылы, 2005-жылы ак ниет сатып алуучу болуп, бешинчи, алтынчы ээси болгондордо эмне айып?», - деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»