АКИpress - Бишкек шаарындагы Садырбаев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эки кабаттуу объектти демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы билдирди.
Буга чейин мэриянын комиссиясы ижара келишимин бузуу чечимин кабыл алган. Ушуга байланыштуу башкармалык муниципалдык аймакты бошотуу иштерин жүргүзүүдө.
Демонтаждан кийин аталган объект колдонуп келген болжол менен 200 чарчы метр жер тилкеси бошойт.
⛶