АКИpress - Кыргызстандык спортчулар Кытайда өтө турган волейбол боюнча эл аралык турнирге катышат.
Мелдеш 24-27-апрель күндөрү Хайнань шаарында болот. Байгелүү орундар үчүн төрт өлкөнүн командалары күч сынашат:
- Кыргызстан
- Кытай
- Казакстан
- Россия
Кыргызстандын атынан бул мелдешке Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын командасы барат. Команда улуттук курама команданын бир нече оюнчусу менен күчтөнгөн.