22:58, 21-апрель, 2026

Кыргызстандык волейболчулар Кытайда өтө турган эл аралык турнирге катышат

На русском
15:06, 21-апрель, 2026 245

АКИpress - Кыргызстандык спортчулар Кытайда өтө турган волейбол боюнча эл аралык турнирге катышат.

Мелдеш 24-27-апрель күндөрү Хайнань шаарында болот. Байгелүү орундар үчүн төрт өлкөнүн командалары күч сынашат:

  • Кыргызстан
  • Кытай
  • Казакстан
  • Россия

Кыргызстандын атынан бул мелдешке Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын командасы барат. Команда улуттук курама команданын бир нече оюнчусу менен күчтөнгөн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»