21:09, 21-апрель, 2026

Фатхудин Али Мухаммед Сомалинин Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды

На русском
14:54, 21-апрель, 2026 162

АКИpress - Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов 21-апрелде Сомалинин элчиси Фатхудин Али Мухаммеддин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. 

Тараптар саясий байланыштарды бекемдөө, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Сомалинин элчиси өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай багыттар боюнча кызматташтыкты улантууга даяр экендигин ырастады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»