22:54, 21-апрель, 2026

Президент Элмира Барыктабасованы Жогорку соттун судьясы кызматына сунуштап жатат

На русском
14:52, 21-апрель, 2026 604

АКИpress - Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 21-апрелде Жогорку соттун судьясы кызматына шайлоо үчүн Барыктабасова Элмира Бектургановнанын талапкерлигин карады.

Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган. Талапкердин өмүр баянын президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиев айтып берди.

Элмира Барыктабасова 1970-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында туулган.

Учурда Бишкек шаардык сотунун судьясы. Буга Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы болгон.

2017-2018-жылдары – Судьяларды тандоо кеңешинин башчысынын орун басары, Судьяларды тандоо кеңешинин башчысы.

2023-2024-жылдары – Сот адилеттиги боюнча кеңештин төрагасынын орун басары.

2024-2025-жылдары – Сот адилеттиги боюнча кеңештин төрайымы.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»