21:12, 21-апрель, 2026

Назгүл Мекешова Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгын жетектеди

На русском
14:15, 21-апрель, 2026 261

АКИpress - Мекешова Назгүл Барктабасовна Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы болуп дайындалганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин бул кызматты Белекбаев Урмат Турусбекович аркалап келген, ал аталган башкармалыктын башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү буйруктарга мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»