02:51, 22-апрель, 2026

Көчмө элчи институтун киргизүү сунушталууда

На русском
13:58, 21-апрель, 2026 216

АКИpress - Эгер мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынса, көчмө элчилерди президент дайындайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бүгүн. 21-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай элчини кайсы бир өлкөгө дайындоо тууралуу тиешелүү жарлык чыкканга чейин алдын ала бара турган өлкө аныкталат. Тиешелүү өлкө менен макулдашуудан кийин дайындоо президенттин жарлыгы менен бекитилет.

«Көчмө элчи бул негизи Кыргызстанда жайгашкан жана мезгил-мезгили менен аккредитацияланган өлкөгө жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү үчүн барып турган элчи болот. Мындай өлкөдө Кыргыз Республикасынын элчилиги түзүлбөйт. Бул практика мисалы, Скандинавия өлкөлөрүндө кеңири таралган. Биз дагы ошондой демилгени киргизип жатабыз. Жалпысынан бардыгы жарлык менен бирге жөнгө салынат», - деди ал.

Депутат мындай элчилердин институту кантип каржыланарына кызыкты.

Министрдин орун басары, каржылоо Тышкы иштер министрлигинин бюджетинин эсебинен жүргүзүлөрүн айтып, жооп берди. 

«Көчмө элчилер борбордук аппаратта болушат, ал эми алардын иш сапарлардагы чыгымдары жана эмгек акысы министрликтин штаттык тизмесинде каралган. Бул үчүн өзүнчө кошумча штаттык бирдик түзүлбөйт, анткени бизде ички резерв бар. Биз ушул ресурстардын алкагында иштейбиз», - деп түшүндүрдү ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»