АКИpress - 21-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн экендигин Кыргызгидромет маалымдады.
Кооптуу аймактар:
- Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдары — Көк-Арт ашуусу;
- Каракол—Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдары — Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болгондуктан унаалардын кыймылында 500 метр аралык чектөө болушу зарыл.