07:48, 22-апрель, 2026

Парламент комитеттеринин курамында өзгөрүү болот

На русском
13:41, 21-апрель, 2026 298

АКИpress - Жогорку Кеңештин айрым комитеттеринде өзгөрүү болот. «Ала-Тоо», «Ынтымак-Мекенчил» жана «Ишеним» депутаттык топторунун чечимдери 21-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Өзгөрүү:

«Ала-Тоо»

Азамат Исираилов – Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызматына сунушталууда (Укук тартиби боюнча комитеттен чыкты);

«Ынтымак-Мекенчил»

Айбек Алтынбеков – Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетке кирет (Өнөр жай саясаты боюнча комитеттен чыкты);

«Ишеним»

Бактыбек Чойбеков – Өнөр жай саясаты боюнча комитетине кирет (Конституциялык мыйзамдар комитетинен чыкты).

Тиешелүү чечимдер парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»