АКИpress - Жогорку Кеңештин айрым комитеттеринде өзгөрүү болот. «Ала-Тоо», «Ынтымак-Мекенчил» жана «Ишеним» депутаттык топторунун чечимдери 21-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында каралды.
Өзгөрүү:
«Ала-Тоо»
Азамат Исираилов – Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызматына сунушталууда (Укук тартиби боюнча комитеттен чыкты);
«Ынтымак-Мекенчил»
Айбек Алтынбеков – Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетке кирет (Өнөр жай саясаты боюнча комитеттен чыкты);
«Ишеним»
Бактыбек Чойбеков – Өнөр жай саясаты боюнча комитетине кирет (Конституциялык мыйзамдар комитетинен чыкты).
Тиешелүү чечимдер парламенттин жалпы жыйынында каралат.