03:03, 22-апрель, 2026

Оштогу «Вилла» мейманканасындагы жазуу боюнча териштирүү башталды

На русском
12:34, 21-апрель, 2026 528

АКИpress - Ош шаарындагы «Вилла» мейманканасынын кире беришине илинген «Еврейлерге жана жаныбарларга кирүүгө тыюу салынат» деген жазуусу бар тактанын сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «АКИpress» редакциясына билдиргендей, 20-апрелде «Сулайман-Тоо» шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери бул факт боюнча рапорт жазган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Текшерүүнүн алкагында окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, күбөлөр суралып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»