16:48, 23-апрель, 2026

Армения ЖККУнун катарына кайтуу үчүн аракет кылбайт, - Пашинян

На русском
12:31, 21-апрель, 2026 405

АКИpress - Армения Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) активдүү катышуу үчүн кадам таштабайт. Мындай билдирүүнү өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян жарыялаганын «NewsArmenia» жазды.

«Биздин шайлоо алдындагы программабызда бул маселе жазылган. Армения Республикасынын ЖККУга мүчөлүгү, силер билгендей, токтотулган жана активдүү катышууга кайтып келүү үчүн кадамдар жасалбайт», - деди Никол Пашинян өз партиясынын шайлоо алдындагы программасын тааныштырып жатып.

2024-жылдын февраль айында Армения ЖККУга мүчөлүгүн токтоткон. Муну Армения тарап союздаштардын милдеттенмелерди аткарбай жаткандыгы менен түшүндүргөн. Жүйөө катары 2022-жылдын күзүндө азербайжандык аскерлер Армениянын шаарына киргенде ЖККУнун реакция кылбай койгону көрсөтүлгөн. Дагы бир себеп катары 2023-жылдын күзүндөгү окуялар көрсөтүлгөн. Анда Азербайжан тараптан уюштурулган аскердик операциядан улам Армения Тоолуу Карабактан кол жууп калган. Россиянын президенти Владимир Путин ЖККУнун бул жаңжалга кийлигишүүсү юридикалык жактан туура эмес болмок деп билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»