16:49, 23-апрель, 2026

БШКнын ыйгарым укуктарын өзгөртүү сунушталууда

На русском
12:14, 21-апрель, 2026 435

АКИpress - Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутат Гүлнара Акимбаева «Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташты.

Документтин негиздеме маалым кат бөлүгүндө БШКнын ыйгарым укуктарын оптималдаштырууга, эскирген ченемдерди жоюуга жана мыйзамдарды учурдагы шайлоо процедураларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумуна ылайык келтирүүгө багытталгандыгы айтылат. Мыйзам долбоорунун милдети – ашыкча жоболорду жоюу, терминологияны унификациялоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызмат орундарын алмаштыруу тартиби өзгөргөндөн кийин пайда болгон карама-каршылыктарды жоюу.

Тактап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдарынын жетекчилерин шайлоону уюштуруу ченемин БШКнын милдеттеринен жана ыйгарым укуктарынан алып салуу сунушталууда. Мындай кызмат орундары мындан ары шайланбай, дайындалгандыктан, мыйзамдын тиешелүү беренелерине да ушундай өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Ошондой эле, шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү мөөнөтүн 10 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу сунушталууда. Бул Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 5 жылда бир өткөндүгүнө жана азыркы 10 жылдык мөөнөт шайлоо циклине дал келбестигине байланыштуу.

Мыйзам долбоору шайлоо комиссияларынын курамын кеңейтүүнү карайт: БШК аймактык эле эмес, округдук комиссияларды да түзөрү такталат. Ошол эле учурда, айрым комиссиялардын түрлөрү жана алардын ишинин техникалык аспектилерине байланыштуу ашыкча майда-чүйдө деталдар тексттен алынат.

Сунушталууда:

- «шайлоочулардын тизмеси» термини көптөгөн ченемдерден мажоритардык шайлоо тутумуна өткөндүгүнө байланыштуу алып салынат;

- «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар» деген сөз айкашы «майыптыгы бар адамдар» деп алмаштырылат;

- БШК мүчөсү кандайдыр бир шайлоого талакерлигин койгон учурда кызматынан каттоо учурунан тарта эмес, талапкер катары көрсөтүлгөн учурдан баштап бошотулат;

- шайлоолорду техникалык жактан камсыздоо жөнүндөгү ченем жөнөкөйлөштүрүлүп, конкреттүү түзүлүштөрдүн тизмеси алып салынат;

Жекече, БШКнын жыйналыштарын видеоконференцбайланыш аркылуу өткөрүүгө уруксат берүү сунушталууда. Комиссия мүчөсүнүн мындай форматта катышуусу толук кандуу катышуу болуп эсептелет.

Ошондой эле, БШКнын ишин каржылык жактан камсыздоо ченемдерине редакциялык өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде органдардын аталыштары жана каржылоо, отчетторду жарыялоо менен байланышкан сөз айкаштары такталат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»