03:09, 22-апрель, 2026

АКШ дипломатияга кызыкдар эмес, - Ирандын Тышкы иштер министрлиги

На русском
10:19, 21-апрель, 2026 309

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп эгер 21-апрелге чейин тараптар тынчтык келишимине кол койбосо, Иран менен жарашуу мөөнөтү узартылбай турганын айтты.

Анын айтымында, АКШ өзүнө пайдалуу эмес келишимге шашылыш барбайт. Ошондой эле ал акыркы макулдашууга жеткенге чейин АКШ Ормуз кысыгына киргизилген бөгөттү улантарын айтты.

Мындан тышкары, Трамп 20-апрель күнү кечинде АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Пакистанга жөнөп кетерин билдирди. Ал жакта 21-апрелде ирандык делегация менен жолугушуу өтүшү керек. Бирок Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тегеран АКШ менен сүйлөшүүгө катышууну пландабай жатканын билдирди.

Министрликтин өкүлдөрү Вашингтон дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү чындап улантууга кызыкдар эмес деп эсептешет. АКШ менен Иран өкүлдөрүнүн биринчи сүйлөшүүсү 11-апрелде Исламабадда өткөн. Анда тараптар ядердик келишим жана Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшү боюнча макулдашууга келе алган эмес. Андан кийин АКШ Ирандын портторуна бөгөт коюлганын жарыялаган. Буга жооп катары Иран Ормуз кысыгын жаап салган. Ага чейин бир күн мурда бул жол коммерциялык кемелер үчүн ачылары айтылган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»