02:32, 21-апрель, 2026

Төө-Ашууда альтернатива катары тоннель салынат, - президент

На русском
18:00, 20-апрель, 2026 1646

АКИpress - Бүгүн, 20-апрелде президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы «Сокулук» жана «Туюк» чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышып жатып, Төө-Ашууда альтернатива катары тоннель куруларын маалымдады.

«Эң көп 200 чакырым Бакиевдин учурунда жасалган экен. Болгону ушул 30 жылдык тарыхыбызда! Былтыр билесизби канча чакырымдык жол жасадык? 1500 чакырым. Быйыл дагы андан кем баспайбыз. Үстүңкү өрөөн менен дагы Сосновкага жол барат. Бери жакта өзүнчө дагы бир тоннель... Азыр бийиктиги 3500 метр болгон тоннель бар эмеспи. Эми азыр баягы тоонун түбүнөн тешип өтөбүз. 12-13 чакырымдык тоннель болот. Ары-бери Ош—Бишкекке каттаганда ашуудан ашпай, ошол тоннель менен жүрүп калат», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»