АКИpress - Бишкекте бейбаштыкка шектелген аял кармалды, деп билдирди 20-апрелде Октябрь райондук милициясы.
Окуя 18-апрелде Сухэ-Батор көчөсүндө болгон. Жаштар милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, мушташ чыгарып, кызматтык автоунаага зыян келтиришкен.
Бул факт бейбаштык боюнча каттоого алынган. Шектүү катары 1995-жылы туулган Б.А. кармалды.
Ошондой эле майда бейбаштыкка шектелип 1995-жылы туулган Н.А. кармалды. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.