АКИpress - 10-апрелде Биринчи май райондук соту Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысынын өтүнүчүн канааттандырып, Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт коллежинин (спорт мектеби) директору Айбек Ташматовду абакта калтырды.
20-апрелде «АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ташматовдун №21 тергөө абагындагы мөөнөтү 15-июнга чейин узартылды.
Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча шектүү катары каралууда.
Социалдык тармакта Элдар Жакыпбековдун «40 чоро» деп аталган тобу тууралуу таратылган маалыматта анын аты да аталган.