АКИpress - Биринчи май райондук соту 10-апрелде тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековду камакта калтырды.
20-апрелде «АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматынан кабарлагандай, Жакыпбеков №21 тергөө абагында 15-июнга чейин кармалат.
Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча шектелүүдө.
Ал бул кызматка 2025-жылдын 3-декабрында дайындалган. Ага чейин ал УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын жетектеген.
13-февралда Жакыпбеков кызмат ордунан алынган, 14-февралда социалдык тармакта спортчулардын, ишкерлердин, УКМКнын кызматкерлеринин, аткаминерлердин, милиционерлердин жана башка адамдардын сүрөттөрү бар видео тараган. Роликтердин авторлору аларды Жакыпбековго таандык деп аталган «40 чоронун» катарында болгон деп көрсөтүшкөн.